• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эртең Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу унааларга убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Эртең, 17-мартта Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу унааларга убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, 16-марттан 18-мартка чейин Бишкек-Ош жолунун тоолуу аймактарында Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаашы күтүлөт.

Жол кырсыктарын алдын алуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык зыян келтирилген жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт. Ага байланыштуу 17-март күнү эртең мененки саат 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун аталган бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий