• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу жок болот

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Эртең, 11-октябрда, Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу жок болот.

"Бишкексууканал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, "Гагарин", "Түштүк-Батыш" суу алуучу жайларында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу саат 09:00дөн 21:00гө чейин суу төмөнкү аймактарда болбойт: Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космическая, Жумушчу шаарчасы, Айыл чарба институту, "Ак Өргө", "Ак Ордо" жаңы конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү), Теңир Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн) чектешкен аймакта.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий