• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Бишкекте 4 күндүзгү стационар ишин токтотот – мэрия

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарында ооруп кайрылгандардын саны азайганына байланыштуу 4 күндүзгү стационар ишин токтотот. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, эртең, 18-августта төмөнкү стационарлар жабылат:

•Жайыл Баатыр көчөсү, 66 – “Газпром” комплекси;

• “Чыгыш – 5” кичирайонундагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектеби;

• №68 мектеп-гимназиясы;

• №96 орто мектеп.

“Акыркы суткада 6 стационарга медициналык жардам алуу үчүн 150 тургун кайрылган. Жалпы 100 миңден ашык жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми шаардык поликлиникаларда жана кызыл аймактарда 2 ммң 247 медик кызмат өтөөдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий