• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат - тизме

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Эртең, Бишкекте 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чаралар учурунда айрым көчөлөр убактылуу жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөр жабык болот:

- Чүй кең көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Абдрахманов көчөсүнүн Чүйдөн түндүктү көздөй М. Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү ;
- Фрунзе көчөсүнүн чыгышты көздөй Ю.Абдрахманов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Ошондой эле эртеңки майрамдык иш-чараларга байланыштуу борбордук жана эски аянттар таңкы саат 07:00дөн 12:00гө жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жабылуучу көчөлөрдү эске алып, маршурттук кыймылды алдын ала пландоо менен кошумча башка жолдор менен жүрүп турууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий