• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Бишкекте «Бактылуу балалык» республикалык фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Эртең, 1-июнда, “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Бактылуу балалык - Счастливое детство» республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын иши менен таанышат.

Андан соң министр Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде балдардын сүрөттөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.

Иш-чарага Франция, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын элчилери да чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий