• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Бишкекте бокс боюнча КР чемпионаты башталат

Спорт 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Эртең Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда чоңдор арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.

Бул мелдешке Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн жети облусунун биринчиликтеринде жеңүүчү аталган жана байгелүү орундарды ээлеген мушкерлер катышат.

Мушкерлер кийинки салмак чендеринде беттешет:

Эркектер: 46-52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, 91 килограммдан жогору;

Кыз-келиндер: 45-49 кг, 57 кг, 64 кг, 69 кг, 75кг.

Мелдеш 18-ноябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий