• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Эртең, 27-апрелде саат 10:00дө Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында (Абдрахманов көч., 167) жумуш издегендер, ЖОЖдордун, колледждердин, профессионалдык лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын максаты - жарандарды, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жарандарды иш менен камсыз кылуу жаатындагы кызматтар жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.

Бош жумуш орундары жана кесиптер жарманкесине 2000ден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б.у.с. тармактардан 50 ири компания катышат.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаары боюнча 3500 бош орун жана республиканын аймактарынан 1300 бош орундар Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан сунушталат.

Ал эми жарманкеде жалпысынан 6 миңден ашуун бош жумуш орундар сунушталат.

Иш-чаранын жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс интервьюларды өткөрүшөт.

Ошондой эле жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар (ишке орноштуруу, кесиптик билим берүү, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар ж.б.), эмгек мыйзамдары боюнча консультация ала алышат жана иш берүүчү менен маек курууга мүмкүнчүлүк болот. Жарманкеде катышуучуларга резюмени даярдоо жана басып чыгаруу кызматтары көрсөтүлөт.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кызыкчылыктарын жана компетенцияларын аныктоого жардам берип, кесипке багытоочу тесттер уюштурулат жана жөндөмдөрү менен көндүмдөрүн ачкан оюндар аркылуу туура кесип тандоо боюнча консультацияларды ала алышат.

Жумуш жана кесип жарманкесине билим берүү уюмдары да катышат. Жогорку окуу жайлары адистиктер менен тааныштырат, ал эми кесиптик лицейлер жана жеке менчик билим берүү борборлору өздөрүнүн продукцияларын жана буюмдарын көргөзмө жана дегустациялоо аркылуу өздөрүнүн окуу курстары менен тааныштырат.

Жарманкенин жүрүшүндө таанымал жана ийгиликтүү ишкерлер, HR менеджерлери жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.

Иш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандардын башын бириктирген бош жумуш орундары жана кесиптер жарманкеси өлкөнүн экономикасын чыңдоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелинет.

Ошондой эле бул иш-чара бизнес өкүлдөрүнө бүгүнкү күндө актуалдуу болгон квалификациялуу талапкерлерди табууга жардам берет.

Бул иш-чаранын уюштуруучулары – КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Германиянын өкмөтүнүн тапшырмасы менен, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылган "Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү" долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылат.

Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси ишканалар жана окуу жайлары үчүн да жумуш издөөчүлөр үчүн да бекер өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий