• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эртең Бишкекте “Ден соолук каттамы” каттап баштайт – “Эргене” КФ

Коом 0

Бишкек, 12 апреля /Кабар/. “Эргене” коомдук фонду “Ден соолук каттамы” троллейбустук каттамы тууралуу билдирет. Каттам 13-апрелде 10:30да Бишкектеги Асанбай кичи районундагы аялдамадан (Чиркөө аймагы) өз жолун баштайт.

Уюштуруучулар билдиргендей, №10 троллейбус шаар боюнча эмчек безинин рагына каршы күрөшүүнү билдирген “кызгылт тасмалар” менен кооздолуп өтөт.

“Акцияга Улуттук онкологиялык борбордун жетекчилери, УОБ маммология борборунун дарыгерлери жана эмчек безинин рагын алдын алуу жана дарылоо менен алектенген “Эргене” КФ өкүлдөрү катышат”, - деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулардын айтымында, жүргүнчүлөр жол жүрүүдө троллейбустун ичи-тышында чапталган эмчек безинин рагын алдын алуу боюнча зарыл маалыматтарды ала алышат. “Эргене” фондунун социалдык демилгеси аялдарды онкологиялык ооруларды дарылоого эмес, алдын алууга үндөөгө багытталган. Кыргызстанда бул оору жайылышы жана өлүмдүүлүгү боюнча алдыңкы орунда турат.

“Онколог дарыгерлер ракты эрте аныктоо боюнча маалымдуулуктун жетишсиздигине көңүл бурдурушат. Оорунун алгачкы белгилерин тоготпой коюу, андан соң бул ооруга чалдыкканына ишенбөөчүлүк илдеттин өтүшүн кетишине жол ачат. Оорулуулар оору күчөп кеткенде дарыгерлерге кайрылышып, дарылоо чыгымдарын гана эмес, саламаттыктарына коркунучтарды жогорулатышат. 2016-жылы эмчек безинин рагы менен ооруган 613 учур катталса, дээрлик 40%ы кеч стадияларында аныкталган”, - деп түшүндүрүшөт уюштуруучулар.

Троллейбустан тышкары бул багыттагы агартуу иштери шаардын жана шаардан тышкары райондордун бир нече маршруттук таксилеринде жүргүзүлөт. Аларда ден соолукка олуттуу мамиле кылууга чакрыган видеороликтер көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий