• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Бишкекте кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт

Экономика 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Эртең, 15-октябрда КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында министр Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги астында кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өтөт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын 10:00дө башталат.

Корей тараптан комиссияга Корея Республикасынын экономикалык маселелер боюнча тышкы иштер министринин орун басары Ли Сонг Хо жетекчилик кылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-отурумунун протоколуна кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий