• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Бишкекте велосезондун ачылышы болот

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Бул жылдын велосезонунун ачылышы ушул жекшемби күнү, 24-мартта болуп өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Мэрия билдиргендей, бул иш-чарага 1 миңге жакын киши катышат. Катышуучулар Адрахманов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чогулушуп, шаардын түштүк тарабындагы Жеңиш паркына барышат.

Иш-чаранын программасы:

10:00 – Катышуучулардын чогулушу;

11:20 – Стартка даярдык. Жол эрежелерин түшүндүрүү;

11:30 – Старт;

12:00 - Финиш;

12:00-13:00 – Катышуучулар үчүн таза абада көңүл ачуучу иш-чара. Расмий иш-чаранын аякташы;

13:30 – Боз-Бөлтөк тарапка чыгуу. 13:30-15:30 – табият коюнунда тамактануу, оюн-сынактар;

15:30 – Иш-чаранын соңу.

Пикир

Оставить комментарий