• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт (тизме)

Коом 0

Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Эртең, 15-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Бишкексууканалы" ишканасынын билдиргенине караганда, суу берүү саат 9:00дөн 19:00гө чейин Орозбеков-Абдумомунов-Эркиндик-Бөкөнбаев көчөлөрүндө жана
төмөнкү райондордо жок болот.

  • Россия соода өкүлчүлүгү;
  • “Москва” соода борбору;
  • Германия элчилиги;
  • Япония элчилиги;
  • Раззаков 43 дарегинде жайгашкан медборбору;
  • Мамархив, №3 Лицей;
  • Арабаев атындагы окуу жайында;
  • Айыл-чарба жана өнөр-жай министрлигинде;
  • Тарых музейи;
  • Маданият, маалымат жана турзим министрлигинде суу убактылуу жок болот.

Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий