• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртең Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 13.12.17./Кабар/. Эртең, 14-декабрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Бишкексууканалы" ишканасынын билдиргенине караганда, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Фрунзе-Лермонтов-Чүй көчөлөрүндө суу убактылуу жок болот.

Ошондой эле, төмөнкү даректерде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт:

-“Кыргызэнергокурулуш” ААК;

-Лермонтов көчөсүндөгү “Народный” СБ;

-Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын тилкесинде.

“Бишкексууканал” башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий