• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Западный” суу алуучу жайындагы жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү жумуштарга байланыштуу, эртең, 20-апрелде саат 09:00дөн кечки 22:00гө чейин Садыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы (Пригородное), “Ала-Арча” дарыясы жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта, анын ичинде: Волков, Кустанай, Садыгалиев көчөлөрү жана Чоң Чүй каналынын аянтында ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле сууну өчүрүү "Кызыл Аскер" конушуна, 110-кварталга, "Достук" кичи районуна таасир этет.

Тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу "Бишкекжылуулукэнерго" комуналдык ишканасы төмөнкү от казандарында жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө берүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болот:

• “КЭЧ-1” от казаны;
• “КЭЧ-2” от казаны;
• “Факел” от казаны;
• “БСМ” от казаны;
• №1- мектеп-интернаты;
• №705- аскер бөлүгү;
• №15- орто мектеби;
• №49- орто мектеби.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана уюмдардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий