• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. 4-апрелде 9:00 – 20:00 чейин борбор шаардын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү “Батыш” суу алуу жайындагы оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу.

Садыгалиев, Профсоюз, Фучик көчөлөрү жана темир жол линиялары менен чектелген аймактарда суу болбойт.

Анын ичинде «Кызыл-Аскер», 110-квартал, «Достук» кичи району, «Шоро» ЖЧК, «Жашылча» ЖЧК, «Нургаз» (Суюлтулган газ башкаруу), «Глобал Групп» ЖЧК, Улуттук гварди бөлүктөрү, «Алтын Тамыр» ЖАК, «Кыргызконьягы» ЖЧК, «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧК, «Транс Союз Азия» ААК, «Кыргызмебель», «Бишкек-Петролиум» май куюучу жайы, КР ИИМ атайын мектеби, Сельсовет көчөсүндөгү №1 ҮДБ филиалы, Республикалык наркология борбору, «Илбирс» АК №4 филиалы, «Ак Жол» ЖЧК, «Асскон» ААК (Авторемзавод), №№15, 49, 50, 54 орто мектептерде, №159 бала бакча, «Полибетон» АК, «БПП Резьби» ЖЧК, №2901 Автоколонна, №1 жатак-мектеп, Газ шаарчасы жана анын от жагуучу жайы, Лулумба көчөсүдндөгү аскер шаарчасы, аскер бөлүктөрү, Чүй проспектисиндеги райондук от жагуучу жайы, Л.Толстой көчөсүндөгү, УКМК Лулумба көчөсүндөгү, Батыш РЭС, «Бишкекский Мясокомбинат» ААК, Кондитердик фабрика, Ленин райондук аскер комиссариаты, Гипермаркет «Фрунзе-Плюс».

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, суу дамдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий