• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат - мэрия

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Эртең, 10-мартта Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9дан 17ге чейин Бишкектин «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» кошунтарында, ошондой эле №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, №21, №94 мектептер, Орхон көчөсүндөгү бала бакча, «Бегимай Дордой» жеке бала бакчасы, №20 китепкана, №6, №7 милициянын участкалык пункту, № 21 МТУ, Свердлов районунун Коомдук-профилактикалык борборунда ичүүчү суу берүү токтотулат.

Эскерте кетсек, суу токтотулган мектептер жана бала бакчалар иштебейт. Ал эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору штаттык режимде иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий