• 84.8
  • 95.95
  • 1.15

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Эртең, 26-октябрда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул “Ала-Тоо” суу берүү жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

«Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жай ишканаларында суу берүү токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий