• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт (тизме)

Коом 0

Бишкек, 02.10.17. /Кабар/. Эртең, 3-октябрда саат 9:00дөн 16:00 чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу ремонт иштерине байланыштуу, Манас, М.Фрунзе, Логвиненко, Бөкөнбаев, Панфилов көчөлөрүндө жана темир жол линиясында жашаган тургундар таза суу менен убактылуу камсыздалбайт. Суу берүү төмөнкү даректерде жок болот:

- Россия элчилиги,

- №70 мектеп-гимназиясы,

- №6 төрөт үйү,

- Бишкек техникалык колледжи,

- “№1 Стоматология” ААК,

- Тоо институту,

- АОЗТ “Бета Иншаат-Ятырымжалык”,

- Улуттук кардиология борбору,

- Улуттук госпиталь;

- “Промпроект” ААК,

- ардагерлер поликлиникасы;

- Мамлекеттик салык инспекциясы,

- Борбордук сүйлөшүү пункту,

- БУУӨП имараты,

- тез жардам станциясы,

- №3 дирекция,

- Мамунаа агенттиги,

- “КазКоммерцБанк”,

- Керимбеков, 51 дарегиндеги №47 бала бакча,

- Исанов-Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №115 бала бакча,

- Манас, 9/1 дарегинде жайгашкан №184 бала бакча

“Бишкексууканал” ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн аталган райондун жашоочуларынан алдын ала кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий