• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/.Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

"Эртең, 6-апрелде саат 09:00дөн 19:00гө чейин жайкы мезгилге даярдануу максатында “Тоголок Молдо” суу алгычындагы жана шаардын суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ичүүчү суу Панфилов, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси, темир жол линиясы менен чектелген аймакта убактылуу үзгүлтүккө учурайт", - деп айтылат маалыматта

Анын ичинде:
• Россиянын Кыргызстандагы элчилиги;
• №70 мектеп;
• №6 клиникалык төрөт үйү;
• Бишкек техникалык колледжи;
• "Первая стоматология" жабык акционердик коому;
• Исанов көч. 105 дарегиндеги Стоматология клиникасы ;
• Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен казып алуу жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университети;
• " Бета Сторес " соода борбору;
• Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору;
• Т.Молдо көч. 1 дарегиндеги Улуттук оорукана;
• Т.Молдо көч. 1 дарегиндеги ардагерлер үчүн поликлиника;
• «ПромПроект» ачык акционердик коому;
• Мамлекеттик салык кызматы;
• Чүй проспектиси, 227 дарегиндеги "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы;
• "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Манас проспектиси 7 дарегиндеги №17 филиалы;
• Бириккен Улуттар Уюмунун үйү;
• Исанов көч. 105 дарегиндеги тез жардам борбору;
• Исанов көч. 42 дарегиндеги Транспорт жана жолдор министрлиги;
• Т.Молдо көч. 54А дарегиндеги "КыргызКоммерцБанкы";
• Биринчи май районунун Билим берүү борбору;
• №47, №115, №184 бала бакчалары;
• "Россия" кинотеатры;
• "Билим Кенчи", "Абитуриент плюс" жеке мектептери, "Алтын Түйүн" жеке башталгыч мектеби;
• Манас проспектиси, 1 дарегиндеги Балдар инженердик-техникалык академиясы;
• "Территория SPA";
• "Развивайка" балдардын билим берүү борбору;
• Бөкөнбаев көч. 164 дарегиндеги Caramel кондитердик нан бышыруучу жайы;
• Бөкөнбаев көч. 164 дарегиндеги Insta salon маникюр студиясы;
• Бөкөнбаев көч. №148 дарегиндеги TourAsia мейманканасы;
• М.Абдраев атындагы Атайын музыкалык орто мектеп-интернаты;
• Бөкөнбаев көч. 142 дарегиндеги Бишкек медициналык колледжи (жатакана);
• Бөкөнбаев көч. 142 дарегиндеги "Тесто Место" кафеси;
• Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча шаардык борбор;
• Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ооруканасы;
• Т.Молдо көч. 1 дарегинде жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
• Т.Молдо көч. 1 дарегиндеги "НейроАрт" диагностикалык борбору;
• №3- участкалык милиция участкасы (Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү);
• "Малыш и Карлсон", "Аман" жеке бала бакчалары;
• Diplomat медициналык борбору;
• "Караван" соода борбору;
• Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети (Юридикалык факультет);
• Diva effect косметологиялык клиникасы;
• "Поликлиника 312 " медициналык борбору;
• Bishkek Park соода жана көңүл ачуу борбору;
• №11 үй-бүлөлүк медицина борбору;
• Чүй проспектиси, 158 дарегиндеги бизнес борбору;
• Словакиянын Кыргызстандагы ардактуу консулдугу;
• КР президентинин коомдук кабылдамасы;
• Профсоюздар федерациясы;
• "Чебак-паб" кафе-бары;
• Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы;
• КР президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы ;
• КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!

Бардык жашоочуларга жана социалдык-маданий объектилерге МАБ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу ичүүчү суунун өчүрүлүшү жөнүндө кошумча эскертүү берилет.

"Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго чалыңыздар: 1533 - бул жарандардын кайрылуулары боюнча бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, 1840 жана 1850 номурлары аркылуу борбордук мэриянын колл-борбору күнү-түнү иштейт, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтсөңүздөр болот", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий