• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Эртең Бишкек шаарынын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Ак-Босого-1», «Ак-Босого-2» суу алгычтарында оңдоп –түзөө иштерине жана түтүктөрдү жаз-жай мезгилине даярдоого байланыштуу, 2-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин «Ак-Босого» конушунда жана Сары-Челек, Нуркен, Андижан жана Бухара көчөлөрү чектешкен аймакта, анын ичинде: №81 мектепте, №2 «Алтынай» бала бакчасында, №14 ҮМБ, №15 милициянын участкалык пунктунда жана №16 муниципалдык аймактык башкармалыгында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Жаңы конуштун тургундарына МАБ жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү аркылуу таза суу өчүрүлөрү тууралуу маалымат берилди.

"Суу менен камсыздоого байланышкан суроолор менен 1533 – шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна чалсаңыздар болот. Ошондой эле бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий