• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Эртең, 3-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, суу түтүктөрдү оңдоп-түзөөгө байланыштуу саат 9:00дөн 19:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский, Ала-Арча көчөлөрүндө суу убактылуу токтотулат.

Мындан сырткары:

-№18, №33, №35 мектептеринде;

-№12; бала бакчасында;

- Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинде;

-Васильев көчөсүндөгү"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы, Ж. Гвардия бульвары 175, Урицкий көч. 40;

-Чүй бирикмеси (Батыш автовокзалы);

-Улуттук гвардиянын Башкы штабы;

-"Электросила" ЖЧК;

-Кургак учукка каршы шаардык оорукана;

-Биринчи май райондук аскер комиссариаты;

-Биотехнология институту;

-"Сафонов" ЖИ (химзавод);

-Автобаза " БЭБЭУ»

-МТУ № 20, 14, 13: "Кызыл куруучу", "Ак-Тилек", "Көлмө", "Алтын-Бешик", "Салам – Алик" жаңы конуштары, турбаза, тигүүчү жана устачылык цехтеринде ("Хисар" ЖЧКсынын мурунку аймагы).

"Ичүүчү суу токтотулган мектептер жана бала бакчалар бул күнү иштебейт. Бардык медициналык борборлор жана төрөт үйлөр шаар тургундарын штаттык режимде кабыл алышат, өзгөчө учурларда кошумча суу даярдалат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий