• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртең Бишкектин бир катар жеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Эртең, 17-мартта Бишкектин бир катар жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаз-жай мезгилине даярдык жана эскирген түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу эртең саат 09:00дөн 18:00гө чейин Абай, Каракульская, М. Горький, Панфилов, Кулатов, Байтик Баатыр, Скрябин көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт.

Ошондой эле, Абай 93 дарегиндеги карылар үй-интернатында, №29,№69 мектебинде, Панфилов 12/2 дарегинде, Медеров 94 дарегиндеги аскер бөлүмүндө, Медеров 68 дарегиндеги Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинде, Медерова163 дарегиндеги Мамлекеттик чек ара кызматында, VEFA соода борборунда, М.Горький 142 дарегиндеги КРнын ӨКМ, Тыныстанов 107 дарегиндеги "Наристе" бала бакчасы, Скрябин 92 дарегиндеги Республикалык карантин борборунда, Медеров 98 дарегиндеги Геомеханика институтунда, Медеров 48 жана 100 дарегинде суу өчүрүү токтотулат.

Ошол эле күнү "Ала-Тоо" суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрдө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу "Ала-Тоо" жана "Ала-Тоо – 2" конуштарында, Ара-Көл, Западный, Улук-Тоо, Дмитров, Кызыл-Тоо көчөлөрүндө жана №82 мектеп, №43 бала бакча, №14 милициянын бекетинде таза суу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий