• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. "Ак-Бата", "Ак-Жар" суу кампасында жана суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 5-мартта Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин "Ак-Бата", "Ак-Жар" жана "Келечек" конуштарында суу өчүрүлөт. Ошондой эле №43 мектепте жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суу өчкөнүнө байланыштуу 5-мартта №43 мектепте дем алыш күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий