• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Эртең, 5-апрелде Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин "Красный строитель", "Ак-Тилек", “Көлмө”, "Алтын Бешик", "Салам Алик" конуштарында жана Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Саадаев көчөлөрүндө жана Чоң Чүй канал аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Таза суу аталган көчөлөрдө жайгашкан мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде дагы жок болот.

Пикир

Оставить комментарий