• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Бишкектин кээ бир райондорунда таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Эртең Бишкектин бир катар райондорунда саат 09:00дөн 17:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына караганда, “Кайнар” ЖАКынын 5-кичирайондогу Каралев көчөсүндө жүргүзө турган куруу-монтаждоо иштерине байланыштуу Койбагаров, Каралаев, Ахунбаев, Юнусалиев көчөлөрү менен чектелген райондо, 5-кичирайондогу № 72, 70, 71, 79, 80, 81, 56 а, 68, 69, 72/1, 73, 82, 82, 59, 61, 1/1, 2/,1 3/1, 1, 8, 4/1, 4/2, 7, 16/1, 12, 16 үйлөрүндө, 17, 26 мектептерде, № 133, 134 бала бакчаларда таза суу берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” башкармалыгы шаардыктарга ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий