• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эртең Бишкектин кээ бир райондорунда таза суу жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Эртең, 23-сентябрда Бишкектин кээ бир райондорунда таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына караганда, 23-сентябрда саат 8:00дөн 20:00гө чейин борбордун кээ бир райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Чүй Жогорку вольттуу электр тармактарынын ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан оңдоп түзөө-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Шабдан Баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген райондо таза суу берүү токтойт.

Анын ичинде:

- №99 лицей;
- «Нур» ААК;
- «Алеша» ЖАК;
- «Бишкек-Нан» ААК;
- «Завод «ДСМ» ААК ;
- «Ак-Марал Дизайн Сервис» корпорациясы;
- Транспорт башкармалыгы;
- №3 Бишкек жүргүнчүлөр ишканасы;
- Бишкек автоокуу комбинаты;
- КыргызАвтоВАЗ;
- «Дасмия» рестораны;
- ЧуПВЭС;
- «КТИ Агромаш» ААК;
- «Медиафарм» ААК;
- «Кыргызмедтехника» ЖЧК;
- Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасы;
- Илим жана бизнес эл аралык университети (“Электротехник” ААКтын имаратында);

- Горький,1«а» көчөсүндөгү типография («Мегомедиа»);
- «Эсептөө техникасы жана автоматташтыруу каражаттары» ЖЧКсынын кыргыз филиалы;
- «Айдан-фарма» ЖАК;
- «Автобытсервис» ААК, Технопарк.

“Бишкек суу канал” башкармалыгы шаар тургундарынан келтирген ыңгайсыздыктары үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий