• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртең сиздер менен ордубуз алмашып калышы мүмкүн - Абылгазиев жарандык коомго

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Өкмөттүн азыркы курамы ачык иш жүргүзүүгө даяр. Ушундай сөздөрү менен КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өлкөнүн "Ачык өкмөт" өнөктөштүгүнө мүчөлүгү алкагындагы иш-аракеттердин улуттук планын талкуулоону жыйынтыктады.

Ал өлкө демократиялык рельстерден чыкпашы керектигин, бийликтин эртеңки өкүлдөрү мамлекеттик органдардын ачык ишин жүргүзүүсү үчүн шарт түзүп берүү боюнча иштерди улантуусу керектигин билдирди.

"Жүргүзүлүп жаткан иштерге эч нерсе тоскоол болбошу керек жана өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратуу жөнүндө максаттарга орун болбошу зарыл. Биз айтып иш жасашыбыз керек. Менин канча убакыт өкмөт башчы болуп иштээрим белгисиз, жадакалса эртең жарандык коомдун мүчөсү катары сиздердин катарыңыздарда болуп калышым мүмкүн. Ал эми сиздер менин ордумда отуруп калышыңыздар толук мүмкүн", - деди Абылгазиев.

Ал ушундай абалда дагы бийликти улантуучулар ачык өкмөттү түзүүнүн масштабдуулугун жана маанилүүлүгүн түшүнүшү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий