• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Болот Шамшиевдин “Баатыр жүрөк Кааба” китебинин бет ачары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Белгилүү кинорежиссер "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев 80 жашка чыкмак.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул датага ылайык, 12-январь күнү бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Алар:

- А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында саат 11:00дө Болот Шамшиевдин “Баатыр жүрөк Кааба” китебинин бет ачар аземи;

- Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө саат 14:00дө эскерүү кечесин өткөрүп, “Ак кеме” көркөм тасмасы көрсөтүлөт.

Болот Шамшиев "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий