• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең БУУнун атайын өкүлү Жээнбеков менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулайт

Саясат 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Борбор Азия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман эртең, 15-октябрда Бишкекке келүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, визиттин башкы максаты - Наталья Герман президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулайт.

Белгилей кетсек, буга чейин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш өз билдирүүлөрүндө Кыргызстанга конституциянын чегинде кырдаалдан чыгуу багыты боюнча мунасага келүүгө жардам берүүгө даяр экендигин тастыктаган.

Пикир

Оставить комментарий