• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эрте бузулган азыктарды ташып бараткан унаалар өткөрүү пункттарынан тоскоолдуксуз өтөт - штаб

Коом 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Эрте бузулган азыктарды ташып бараткан жүк ташуучу унаалар өткөрүү пункттарынан тоскоолдуксуз өтөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритм боюнча, медиктер мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын температурасын өлчөйт жана COVID-19 вирусунун белгилери бар-жогун аныктоого экспресс-тест жүргүзөт.

Эгерде анализдин жыйынтыгы оӊ чыкса, айдоочу обсервацияга алынат да, ага ПЧР-тест жасалат. Жүк ташуучу унаа жана жүк дезинфекцияланат.

Унаа каражаты жүк алуучу башка айдоочу жибермейинче унаа токтотуучу жайда калат.

Эгерде жүк ташуучу унаанын айдоочусу тапшырган экспресс-тест терс болуп чыкса, анда ал 14 сутка өзүн-өзүн изоляция алары тууралуу документке кол коет. Муну айдоочу жашаган жерине караштуу Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Мында, Чек ара кызматынан түшүндүрүшкөндөй, интернетте тарап жаткан айдоочуларды обсервацияга жаткыруу учуру бир гана жолу катталган.

Эрте бузулган азык-түлүктөрдү ташып бараткан жүк ташуучу унаа өткөрмө жайларынан тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин биринчи кезекте жана тоскоолдуксуз өткөрүлөрүнө КР Мамлекеттик чек ара кызматы өзгөчө көӊүл бурат.

Пикир

Оставить комментарий