• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Чемпиондор лигасынын 1\8 финалынын оюндары башталат

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Эртең футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 2020-2021-жылкы сезондун 1\8 финалынын оюндары башталат. Бул тууралуу euronews басылмасы жазат.

Оюн 19-февралга караган түнү Бишкек убактысы менен саат 02:00дө башталат. Анда Чемпиондор лигасынын мурунку чемпиону "Ливерпуль" клубу менен "Атлетико" командасы беттеш өткөрөт. Бир эле убакытта "ПСЖ" менен "Боруссия" командалары да оюн өткөрөт.

Чемпиондор лигасынын 1\8 финалында 16 команда күч сынашат. Алар "Ливерпуль", "Атлетико", "ПСЖ", "Боруссия", "Аталанта", "Валенсия", "Тотенхэм", "Лейпциг", "Челси", "Бавария", "Наполи", "Барселона", "Лион", "Ювентус", "Реал" жана "Манчестер Сити".

Пикир

Оставить комментарий