• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең дүйнөдөгү абройлуу илимий журналдарга макала чыгаруу тууралуу вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. "Онлайн университети" платформасы эртең, 12-майда саат 15:00дө "Scopus жана Web of Science журналдары сиздин макалаңыздан эмнени күтүшөт?" аталышындагы темада вебинар өтөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу Бактыбек Исаков илимий коомчулуктагы таасирдүү эл аралык журналдарга макала жарыялоонун талаптары жана эрежелери тууралуу маалымат берет.

"Анда эл аралык журналды тандоо, байланышуу, илимий макаланы редакторлорго сунуштоо менен бирге илимий макаланын мазмуну жана структурасы боюнча жалпы талаптар тууралуу сөз болот. Вебинардын мазмуну чет элдик илимий макалаларды жазуу боюнча курстардын негизинде иштелип чыккан", - деди Турдубаева.

Белгилей кетсек, дүйнөдө бардык жогорку окуу жайларынын, аны менен бирге окумуштуулардын бедели аталган маалымат базасына кирген басылмаларда чыккан макалалары менен өлчөнөт.

Эске сала кетсек, Scopus жана Web of Science журналдарына макалаларын жарыялоо талабы учурда кыргызстандык изилдөөчүлөргө кандидаттык жана докторлук диссертация жактоо үчүн коюлуп келет.

"Онлайн университети" платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерибизден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат.

Пикир

Оставить комментарий