• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртеңден баштап Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 17-июндан тарта Бишкектеги көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу түнкү клуб, ресторан, кафе, тез тамактануучу жай, караоке жана барлар кечки саат 23:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин иштебейт. Чектөө соода түйүндөрдөгү көңүл ачуучу жайларга да тиешелүү.

Ал эми тамак-ашты үйгө жеткирүү кызматы мурунку режимде ишин уланта берет.

Белгилей кетсек, убактылуу киргизилип жаткан санитардык эрежелердин сакталышы боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий