• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эртеңден баштап Нарын шаарындагы бала бакчалар ачылат. Чечим кабыл алынды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Эртең, 1-апрелден баштап Нарын шаарындагы бала бакчалар толук кандуу ачылып, мектепке чейинки билим-тарбия берүү башталат.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул боюнча шаардык эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиясы чечим чыгарды.

"Буга чейин бала бакчаларда азык-түлүк алуу, жылуулугун текшерүү жана жуучу, жугушсуздандыруучу, коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн атайын комиссия шаардагы бала бакчалардын балдарды кабыл алууга даярдыгын текшерди", - деп айтылат маалыматта.

Бала бакчаларда санитардык нормаларды аткаруу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетовго жана бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, шаардагы бала бакчалар бир жыл мурда коронавирус илдетинен улам карантинге жабылган.

Пикир

Оставить комментарий