• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртеңден баштап Ош шаарында жылуулук бериле баштайт

Аймак 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөндүгүнө байланыштуу Ош шаарында эртең, 22-октябрдан тартып жылуулук бери баштайт.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 21-октябрда кол койду.

Айта кетсек, ЖЭБ жана “Жылуулук камсыздоо” ишканасы шаарга жылуулук берүүнү баштагандан кийин, 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагы толук жылуулук жетет.

Пикир

Оставить комментарий