• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртеңден тарта Бишкектен Нур-Султанга түз учууга болот

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Эртең, 17-ноябрдан тарта Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан маршруту боюнча авиакаттамдар жандандырылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, авиакаттамдарды «Эйр Астана» авиакомпаниясы шаршемби жана жекшемби күндөрү жумасына эки жолу аткарат.

Ал эми, 3-декабрдан тарта аталган маршрут боюнча каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жумасына 4 жолу уча баштайт.

Учуу убактысы - 1 саат 50 мүнөттү түзөт.

Эскертке кетсек, каттам пандемияга байланыштуу 2020-жылдын башында токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий