• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртеңден тарта Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга акысыз операция жасай баштайт

Ден соолук 0

тБишкек, 23.06.21. /Кабар/. Эми угуусу начар 29 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук эне-баланы коргоо борборунда Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Аль-Сулайти жана катардык дарыгерлер менен жолугушту.

Элчи менен жолугушууда министр Катар мамлекетине Кыргызстандагы медициналык кызматты өнүктүрүүдөгү кызматташтыгы жана колдоосу жана балдардын жашоосунун сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн, аларды кохлеардык имплант менен камсыз кылууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. “Бул Катардан дарыгерлердин биринчи келүүсү эмес, мындан мурда алдыңкы өндүрүүчүлөрдөн 4 бала кохлеардык имплант алган. Аталган көйгөй Кыргызстанда өтө актуалдуу болуп саналат, ошондой эле бизге кохлеардык имплантациялоо боюнча жеке операциялардан Кыргызстандагы балдарды кохлеардык импланттар менен камсыз кылуу жана аларды кийинки калыбына келтирүү боюнча туруктуу комплекстүү программаны киргизүүгө өтүү керек. Ушул максатта учурда тиешелүү иш-чаралар демилгеленип, бул программаны жана иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жумушчу тобу түзүлгөн. Эне-баланы коргоо борбору менен Ленхардт немец фонду КР Саламаттык сактоо министрлигинин координациясы алдында КРда жаңы төрөлгөн балдардын жана аудиологиялык скрининги жана кохлеардык имплантациялоо боюнча 2 долбоорду ишке ашырат. Донорлордун колдоосу менен акырындап жабдыктар сатылып алынат. Бирок, жаңы төрөлгөн балдардын угуу жөндөмүн аныктоо үчүн бардык төрөт үйлөрүн скрининг аппараттары менен камсыз кылууда жардам керек.Көрсөтүп жаткан колдооңуздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем жана мындан ары дагы кызматташтыкты улантууга үмүт артам”,-деди өз сөзүндө министр.

Өз кезегинде Катар элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайти операция жүргүзүү Катар мамлекетинин Кайрымдуулук министрлигинин демилгесинин аркасында мүмкүн болгонун белгиледи. “Операцияга байланыштуу бардык чыгымдар катар тараптан каржыланат. Операция жүргүзүүдөн тышкары кыргыз адистеринде ушул сыяктуу операция жүргүзүүнү үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу жолу менен өздөрүнүн потенциялын көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар”,-деди элчи.

Белгилей кетсек, Катардан келген дарыгерлер 5 күн бою (24-28-июнь күндөрү) кыргыз адистери менен биргеликте угуусунан жабыркаган 29 балага акысыз операция жасашат.

Эскерте кетсек, Катар мамлекети жалпысынан балдар үчүн 150 кохлеардык имплант бөлөт. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 50 операция жасалат, калганы 2022-2023-жылдары жүргүзүлөт. Зарыл болсо кошумча дагы 50 имплант бөлүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Пикир

Оставить комментарий