• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртеңден тарта КРда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Гидромет борбордун маалыматы боюнча 18-октябрда өлкөдө аба ырайы кескин сууктап, жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн.

КР ӨКМ билдиргендей, 18-октябрь эртең менен, 19-октябрда күндүзү жана түнкүсүн айрым аймактарда жана райондордо, тоо этегиндеги аймактарда жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык жерлеринде жамгыр жаап карга айланышы мүмкүн. Тоолуу аймактарда кар жаап, айрым райондордо катуу жамгыр жаашы күтүлөт.

19-октябрда температура төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүзү +9…+14, Чүй, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүзү +6…+11, Ысык-Көлдө жана Нарын облусунун дыйыканчылык жерлеринде 0…+5, күндүзү +5…+10.

20-21-октябрда жамгыр жаашы күтүлбөйт, ал эми 23-октябрда абанын температурасы жогорулайт.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте мэриянын буйругу менен жылуулук берилип баштады.

Пикир

Оставить комментарий