• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртеңден тарта өлкөдө бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырат - Исаков

Билим 0

Бишкек, 20.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эртеңден тарта өлкөдө мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) тапшырат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстан боюнча 58 миң 730 окуучу мектепти аяктады. Алардын 41 миң 727си тест тапшырууга арызын берген. "Эртең жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталат. Бүтүрүүчүлөр саат 08:00дө атайын уюштурулган тестирлөө борборлоруна келип, негизги тестти тапшырат. Ал эми 22-июнда предметтик тесттин тапшыруу үчүн барышат. ЖРТ өткөрүү үчүн республика боюнча 117 борбор даярдалган. Бүтүрүүчүлөр беткап кийип, аралыкты сактап тест тапшырат. Кире бериште алардын дене табы өлчөнөт. Дезинфекциялык иштер да жүргүзүлгөн", - дейт ал.

Исаков ЖРТнин экинчи этабы 24-25-июнда өтөөрүн айтат. Ал эми чет өлкөдө же мектепти мурун бүткөндөр үчүн 11-12-июлда тест тапшыруу өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий