• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртеңден тарта пенсия орточо 455 сомго жогорулайт

Экономика 0

Бишкек, 30.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда эртеңден тарта пенсия орточо эсеп менен 455 сомго жогорулап, анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, жогорулатуунун өлчөмү ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.

“Жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес каражат чегерилет”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пенсионерлердин саны 709 миң 728 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий