• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртеңден тарта “Саякбай” тасмасы чоң экранда көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 06.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Эртең, 7-сентябрдан тарта өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында жаңы тартылган "Саякбай” тасмасы көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Саякбай Манасчы коомдук фондунан кабарлашты.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-сентябрда "Саякбай" тасмасы 41-чи Эл аралык Монреаль кинофестивалында «Мыкты инновациалык тасма» номинациясы боюнча "Алтын Зенит" байгесин утту.

Аталган тасманын аткаруучу продюсери Сүйүм Сулайманова, башкы продюсери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу, Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдын трилогиясынын табышмагы эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий