• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртеңден тарта өзгөчө абал киргизилген шаар-райондордо Каттоо кызматынын бардык бөлүмдөрү жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Эртеңден тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"Алардын катарына Калкты тейлөө борбору жана "Унаа" мекемесинин бөлүмдөрү, "Кыргыз почтасы" ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС кирет. Өзгөчө абал киргизилбеген республиканын башка аймактарында Каттоо кызматынын мекемелери кадимки тартипте ишин улантат", -деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, чет элдик жарандар каттоосун калкты тейлөө борборлору ачылгандан кийин узарта алат.

"2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки мезгилде төрөлгөн ымыркайлардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн алуу жылдырылат. "КРнын бузуулар тууралуу кодексинин" 275-беренесинде каралган айыптар салынбайт. Аталган чечим республиканын бардык аймактарына тиешелүү", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Пикир

Оставить комментарий