• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртеңден тартып КТБнын жана ЖААКПКК бөлүмдөрүнүн иштөө убактысы узартылат

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. 4-июндан тартып калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо (ЖААКПКК) бөлүмдөрүнүн иштөө режими өзгөртүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эми Кыргызстан боюнча КТБ жана ЖААКПКК бөлүмдөрү саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштейт.

Каттоо кызматынын буйругуна ылайык, кызматкерлердин ийкемдүү иш графиги бекитилет.

"Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын жарандарынын ыңгайлуулугу үчүн жана жай мезгилине гана 2021-жылдын 31-августуна чейин киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Каттоо кызматынан кошумчалашкандай, тиешелүү буйрукка МККнын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкарбек Карыбеков 3-июнда кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий