• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең депутаттар энергосектордогу кырдаал боюнча министрликтин маалыматын угат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Эртең, 19-январда Жогорку Кеңеш энергосектордогу кырдаал боюнча Энергетика министрлигинин маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында депутат Бактыбек Сыдыков Майлуу-Суу шаарындагы бүгүнкү кырдаал боюнча тиешелүү жыйынтык чыгаруу керектигин айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, 30 миңдей калкы бар Майлуу-Суу шаарынын эли алты күндөн бери суусуз, жылуулуксуз оор абалда отурат.

“Мен кечээ облус жетекчилери менен байланыштым, муниципалдык кызмат башка маалыматты, эл башка маалыматты айтып жатат. Ушул маселе боюнча жыйынтык чыгарбасак болбойт. Саркынды суу түтүктөрү тоңуп жарылып, жыт чыгып жатыптыр. Алмаз Ахунжанович (ред.: президенттин парламенттеги өкүлү), министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абадда иш сапары менен жүрөт, муниципалитеттин маалыматын уга бербей, ал киши барып, эл менен жолугушсун. Эл чындыкты айтат, ошого жараша жыйынтык чыгарыш керек”, - деди Сыдыков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча анын дарегине да кайрылуу келип түшкөнүн жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Шакиев 19-январдагы парламенттин жыйынына энергетика министрлиги баш болгон тиешелүү жетекчилерди чакырып, айтылган көйгөйлөр боюнча жооп берүүсүн тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий