• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Екатеринбург менен Санкт-Петербургдан Тамчыга аба каттамдары уча баштайт

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Екатеринбург менен Санкт-Петербурган Ысык-Көлдүн Тамчы айылына аба каттамдары уча баштайт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Аэрофлот” авиакомпаниясы 10-июндан тарта Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург багыты боюнча жумасына эки жолу, Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча жумасына бир жолу каттамдарды аткарат.

Эскерте кетсек, “Аэрофлот” авиакомпаниясы 16-июндан баштап бейшемби жана ишемби күндөрү Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча, 19-июндан баштап S7 Airlines авиакомпаниясы жекшемби күндөрү Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча каттай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий