• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2-ноябрда Бишкекте маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Эртең, 2-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, программа боюнча, саат 12:00дө филармониянын кичи залында маданият кызматкерлерине министрликтин ведомстволук сыйлыктары тапшырылат.

Ал эми саат 14:00дө чоң залда атайын даярдалган концерттик программа өтөт.

Пикир

Оставить комментарий