• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Кадамжайда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Эртең Кадамжай шаарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, «Кадамжай» ГБСнин коргоочу кранынын алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 28-октябрда саат 08:00дөн 17:00гө чейин Кадамжай шаарында жаратылыш газын берүү токтотулат.

Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Компания абоненттерден түзүлгөн ыйгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий