• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берилет. Бул тууралуу "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" форумунда журналисттерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ири ГЭСтин курулушун баштоого мүмкүнчүлүгү бар.

“Буйруса, эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берилет. Курулуш иштерине даярдык жүрүүдө, алдыда көпүрө жана тоннель салынат. Учурда курулуш иштерине бюджеттен 18,8 млн доллар бөлүндү. Биринчи этап 3-5 жылды талап кылат. Беш жылдан кийин 640 мегаватт кубаттулугунда ГЭСтин курулушу башталат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Пикир

Оставить комментарий