• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Камчыбек Ташиев Германиядан учуп келип, дароо Баткенге жөнөйт

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Эртең, 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн "Телеграмдагы" баракчасынан билдирди.

Маалыматта Ташиев дароо Баткен облусуна учаары жазылган.

"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18-февралда саат 10:00дө чет мамлекеттен "Манас" аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер жеринде каралат", - деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалды.

Пикир

Оставить комментарий