• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эртең Катар эмиринин мамлекеттик сапары башталат. Бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы визити

Саясат 0


Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ушул жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Белгилей кетсек, бул араб мамлекетинин башчысынын Кыргызстанга биринчи жолу келиши.

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий