• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең КР Эл жазуучусу К. Жусубалиевдин жазуучулук тагдырына арналган китептин бет ачары болот

Коом 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Онлайн университети платформасы 3-июлда саат 17:00дө “Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана акыйкаттын жолу” деген китептин бет ачарын өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Китептин автору − Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова.

Китепте Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдыры изилдөөгө алынган. Жазуучунун калыптанышына согуштан кийинки айыл турмушу, балалык кезде башынан өткөргөн драмалуу жашоо кырдаалдары, кичи мекени − Кердегей айылы, чоң энеси жана совет мектебиндеги билим-тарбия кандай таасир эткендиги баяндалган. Кыргыз совет адабиятындагы “ренессанстык доорду” жараткан “алтымышынчылардын” көрүнүктүү өкүлү катары К. Жусубалиев улуттук адабиятыбызга кандай темалык, образдык, стилдик жана көркөм-эстетикалык жаңылыктарды алып келгендиги талдоого алынган. Чыгармачылыкта эркиндикти туу туткан жазуучунун тагдырына советтик цензуранын тийгизген кедергиси белгиленген. Мындан сырткары, К.Жусубалиевдин көп кырдуу изденүү багыттары талданып, эгемендүүлүк жылдарда акыйкаттын жолун таанууга дитин буруп, жалгыздыкты тандаганы жана ошол изденүүлөрү “Авангарддык ырларында” кандай чагылдырылганы айтылган. Ошондой эле, К. Жусубалиевдин Кайра куруу жылдарынан баштап эркин маалымат кызматын түптөөгө кошкон салымына баа берилген.

Китептин жооптуу редактору − КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Осмонакун Ибраимов, рецензенттер − филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиева, КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Талантаалы Бакчиев.

Конференциянын идентификатору: 987 4917 0740

Паролу: 709906

Пикир

Оставить комментарий